“Чек арасыз кабарчылар” уюму казакстандык журналистке чыгарылган өкүмгө байланыштуу камтамасын билдирди. “Алматы инфо” басылмасынын башкы редактору Рамазан Есергепов 8-августта 3 жылга түрмөгө кесилген. Ага мамлекеттик сырды шардана кылуу деген айып тагылган. Журналисттин айтымында болсо, гезитте жарык көргөн катта жергиликтүү ишкер менен Улуттук коопсуздук кызматы ортосундагы байланыш ашкере кылынган. “Чек арасыз кабарчылар” уюму Есергеповдун иши сөз эркиндигин бузуу болуп саналат деп, өкүмдүн жокко чыгарылышын талап кылды.