Кыргызстанда диний экстремизмге каршы күрөш боюнча Координациялык кеңеш түзүлдү. Бул уюм Дин иштери боюнча тармактар аралык кеңештин ордуна негизделип, аны премьер министр Игорь Чудинов жетектемей болду. Бул тууралуу өкмөттүн токтому 5-августта чыгып, курамы, жобосу бекиди. Кайра түзүлгөн Координациялык кеңеш диний экстремизмдин, фундаментализмдин жайылышын алдын алуу, диний негиздеги ар кандай чыр-чатактарды алдын алуу, ар кыл экстремисттик топтордун аракеттерин тосуу максатын көздөйт. (BuS)