Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Жөө жүрүшчүлөрдүн жаза мөөнөтү бүгүн аяктайт


Бүгүн ошондой эле Бишкек шаардык соту жөө жүрүшчүлөрдүн арызын караары күтүлүүдө.Президенттик шайлоого нааразы оппозиция тарапкерлеринин 64ү 29-июлда жөө жүрүшкө чыкканы үчүн кармалып, акчалай айыптан тарта 15 күндүк камакка чейинки административдик жазаларды алышкан. Алардын жарым-жартылайынын апелляциялык арыздарын Чүй облустук соту 4-августта карап, айрымдарын актаган. Бишкек шаардык соту арыз менен кайрылгандардын арызын кеч карап жатышын укук коргоочулар атайылап создуктуруу катары баалашууда. Жөө жүрүшкө чыккандардын ичинен эң жогорку 15 күндүк жаза БЭКтин мүчөсү Топчубек Тургуналиевге чектелген. Анын камакка алынганына бүгүн 15 күн болот. (BuS)

XS
SM
MD
LG