Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Адвокат Жогорку Сотко үмүт артууда


Балыкчы жаңжалы боюнча камакта отургандардын адвокаттары бүгүн Жогорку Сотко көзөмөл арыз жиберет. Бул тууралуу камактагылардын адвокаттарынын бири Айбек Жанузаков билдирип, камактагылардын арыздары эске алынарына үмүт артты. Камактагылардын баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу арызын Балыкчы шаардык соту карап, алардын камакта калуу мөөнөтүн 25-сентябрга чейин узарткан. Ысык-Көл облустук соту ал чечимди күчүндө калтырган. 23-июлдагы президенттик шайлоо учурунда көчөгө чыккан оппозиция тарапкерлери күч менен таратылып, 14 киши камакка алынып, аларга Кылмыш Кодексинин үч беренеси боюнча Конституциялык түзүлүшкө кол салды, шайлоого тоскоол болду, баш аламандык уюштурууга аракет кылды деген айыптар тагылууда. Укук коргоочулар муну саясий куугунтук деп жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG