Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:29

Чеченстанда эки укук коргоочуну өлтүрүп кетишти


Чеченстанда белгилүү укук коргоочуну жана анын күйөөсүн атып кетишти. Зарема Садуллаева менен Алик Жабраиловдун денеси кечээ Грозныйдын четки райондорунун биринде машиненин артындагы жүк салгычынан табылды. Экөөнү тең дүйшөмбүдө иштеп жаткан жеринен куралчан бирөөлөр уурдап кетишкен. Садуллаева “Муунду сактайбыз” деп аталган бейөкмөт уюмду жетектечү. Алар чечен согушунан жабыр тарткан жаштарга медициналык да, психологиялык да жардам көрсөтүшчү. Бир ай мурда Чеченстанда укук коргоочу Наталия Эстемированы да белгисиз адамдар атып кетишкен Укук коргоочулар республикада коркунучтуу абалдын түзүлүшүнө азыркы чечен президенти Рамзан Кадыровду айыптап келишет.

XS
SM
MD
LG