Орусиянын президенти Дмитрий Медведев Украинанын лидери Виктор Ющенкого кат жолдоду. Анда Медведев расмий Киевди Орусияга каршы саясат жүргүзүүдө жана эки тараптуу мамилелерди курчутууда деп айыптаган. Өз катында Медведев ушундай кырдаалдан улам жаңы орусиялык элчи Михаил Зурабовду Украинага азырынча жибербей туруу чечимин кабыл алганын белгилейт. Медведев украин бийлигинин орус-грузин жаңжалында Тбилисини колдогону жана өлкөнүн НАТОго өтүү мүдөөлөрүн Орусияга каршы саясат деп баалаган.