Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Кыргыз-дунган жаңжалы талкууланат


“Асаба” партиясынын төрагасы Салмоор Дыйкановдун “Азаттыкка” билдиришинче, эртең Чүйдөгү Искра айлында жашаган дунгандар менен кыргыздар чогулуп ич ара араздашууларын талкуулайт. Ага аймактагы өзүн өзү башкаруу органдарынын өкүлдөрү, участкалык милиция кызматкерлери жана “Асаба” партиясынын, жаштардын “Ак шумкар Кут” кыймылынын өкүлдөрү катышат. С. Дыйкановдун айтымында, соңку учурда аталган айылда дунгандардын кыргыздарды басмырлаган учурлары көбөйүп жатат. Искрада жашаган элдин сексен пайызын дунгандар түзөт. Үч жыл мурун бул айылда кыргыз менен дунган балдар чактакташып, ок атылып айылда айрым үйлөр талкаланган. (EBM)

XS
SM
MD
LG