Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:29

Нарында коруктан Кытайдын 60 жараны чыгарылды


Кытайлык жарандар Нарын районунун аймагында жайгашкан Нарын мамлекеттик коругунун ичинде мыйзамсыз иш аткарып жүргөн жерлеринен кармалышкан. Алар коруктун Кашка-Суу жана Күрмөнтү участкаларында тогуз чакырымга жакын жол салышкан. Бул аймакка тракторэкскватор, өңдүү жол куруучу техникаларды жеткиришкен. Мындан сырткары Күрмөнтү участкасында эки лагерь жайгаштырылып, бирине беш тонна өлчөмүндө аманит жардыруучу заты да жеткирилгени да аныкталды. Мындай маалыматтар Нарын мамлекеттик коругунун директору Дамир Оморовдон алынды.

Мындан эки күн мурда да Нарын облустук ички иштер башкармасынын (ОИИБ) кызматкерлери тарабынан Күрмөнтүдөн кетпей жүргөн кытайлык алты жаран кармалып, алар мыйзам ченеминде чек арадан чыгарылгандыгын Нарын ОИИБ жетекчисинин орун басары Ороз Молдосариев билдирди. (KUs).

XS
SM
MD
LG