Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:37

Орусиялык альпинисттер 10 күндө мекенине кайтат


Куткаруучуларды даярдоо борборунун жетекчиси Калыс Акматовдун билдиришинче, оор жарат алган альпинисттерди дароо мекенине кайтуу мүмкүнчүлүгү азырынча чектелүү. Учурда аларга №4 травмотологиялык ооруканада медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Екатеринбург шаарынан саякаттап келишкен туристтер Туризм боюнча агенттиктин да, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин да каттоосунан өтүшкөн эмес. Алар “Аксай тревел” аттуу туристтик компаниядан каттоодон өтүшкөн. Бирок алар жабыркагандарга жардам берүүдөн баш тартышты. Учурда бул компаниянын ишмердүүлүгүнүн юридикалык жактары териштирилип жатат.
11-августта эртең менен Екатеринбург шаарынан саякаттап келишкен туристтер Кытай менен чектешкен Нарын аймагындагы Кызыл-Аскер чокусунун жанында муз сыныгынын алдында калышкан. Алардын бири каза таап, үчөө оор, бири жеңил жарат алган.(AzK)

XS
SM
MD
LG