Кыргызстандык бильярдчы Каныбек Сагынбаев орус бильярды боюнча чеберлердин арасында боло турган “Гран-при” таймашына камданып жатат. Украинада 21-августта баштала турган таймашка барчу 16 спортчунун ону чакырууну алышты, калган алтоосу Украинанын көз карандысыздык кубогунун жыйынтыгы менен тандалат. Каныбек Сагынбаевдин устаты Константин Коробовдун билдиришинче, кыргызстандык бильярдчы негизги он спортчунун катарына кирген.(AzK)