Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:15

Чек ара боюнча аймактык комиссия иштеп атат


Кыргыз-өзбек чек ара аймагында мыйзамдуулукту сактоо боюнча биргелешкен аймактык комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Чек ара кызмат башчысынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди. 11-августта биргелешкен аймактык комиссиянын жыйыны өтүп анда чек арада коопсуздукту, мыйзамдуулукту сактоо боюнча биргелешип аракеттенүү макулдашылды. Ошондой эле бул жолугушууда Аксы районундагы Бай-Кыштак айылындагы талаштуу чек ара аймактарында үйлөрдү бузуу аракеттери талкууланганы кабарланды. Буга Өзбекстан тараптын талаштуу аймактарда отурукташкан өз жарандарына үй курууга акчалай жардам көрсөтүп, ага жараш эски турак үйлөрдүн бузула баштагандыгы түрткү болгон. Кыргызстандын чек ара кызматы 3-августта катталган мындай аракеттерди талаштуу аймак бир ыктай чечилгенге чейин деген негиз менен бир жактуу убактылуу токтоткон. Турусбековдун билдиргенине караганда талаштуу аймактарда ушул сыяктуу тиричилик деңгээлиндеги мыйзамсыз 61 факт катталган. (BuS)

XS
SM
MD
LG