Бүгүн БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин
административдик жаза өтөө мөөнөтү аяктап, камактан бошотулат. Бул тууралуу адвокат Сартбай Жайчибеков билдирди. 29-июлда президенттик шайлоого нааразы оппозиция тарапкерлери көчөгө чыгып, алардын 63ү камакка алынып, акчалай айып пулдан 15 күндүк камакка чейин кесилишкен. Алардын катарында сот жообуна белгилүү оппозициячы Топчубек Тургуналиев да бар болчу. Тургуналиев мурдагы бийлик учурунда президентке кол салууга аракет кылган деген негиз менен кылмыш жообуна тартылып, 2005-жылкы март ыңкылабынан кийин акталган. (BuS)