Бул тууралуу укук коргоочу Камил Рузиев билдирди. Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын өз булактарына таянып билдиргенине караганда Кыргызстандагы жаза өтөөчү мекемелерде дүйшөмбү күндөн бери ачкачылык акциялары өтүп жатат. Алардын катарында 1, 3, 47 колониялар бар. Бул боюнча Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынан маалымат алуу мүмкүн боло элек. “Жарандык коом коррупцияга каршы” укук борборунун башчысы Төлөкан Исмаилова акцияларды күтүлгөн окуя катары баалады. Анын айтымында түрмөлөрдө реформалардын жоктугу, тиешелүү институттардын иштебегиндиги жана жакырчылык ушундай жагдайды шарттап жатат. Ал эми Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Мукеев жаза өтөө мекемелерин Юстиция министрлигинен ажыратып, башкарууга кесипкөй кадрларды алып бармайынча түрмөлөрдө кризис улана берет дейт.
2009-жылкы маалыматта жаза өтөө боюнча 33 мекеме, аларда 15 миң айыпталуучу бар экендиги маалымдалды. Жаза өтөө мекемелер башкармалыгында жалпысынан 3500 кызматкер иштейт. Кошумчалап койчу жагы - Жаза өтөө мекемелер кызматкерлери 12-августта кесиптик майрамын белгилешти. (BuS)