“Кыргызгаз”ишканасынын жетекчисинин орун басары Кубан Мырзакановдун "Азаттыкка"билдиришинче, жакынкы күндөрү газды арзандатуу боюнча Ташкентте болгон сүйлөшүүлөрдө өзбек тарап Кыргызстанга 18 миллион доллар карызынан кутулуу шартын койгон. Өзбекстан карыз төлөнгөндөн кийин гана газды арзандатуу маселесин кароого убада берди. Алдын ала маалыматка караганда 2009-жылдын төртүнчү кварталында өзбек тарап газдын баасын 20 долларга арзандатышы мүмкүн. Учурда газ маселеси боюнча премьер-министр жана биринчи вице-премьердин деңгээлинде талкуу жыйындар өткөрүлүүдө. Алар чечим чыгаргандан кийин, өзбек тарап менен сүйлөшүүлөр улантылат. Жыл башынан бери Кыргызстан өзбек газынын миң кубометрин 240 доллардан алып келет. (AzK)