Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:48

Абактарда ачкачылык акциясы токтотулду


Укук коргоочу Азиза Абдырасулованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда, абактардагы ачкачылык акциясы бүгүн түштөн кийин токтотулду. Маалыматтарга караганда, абактагылар ачкачылык акциясын өз ыктыяры менен токтотушкан. Өлкөнүн абак жайларында жаза мөөнөтүн өтөп жаткандар ачкачылыкты мындан үч күн мурун башташкан эле. Абак жайлардагылардын бул жолку ачкачылык өткөн айда Чүйдүн Вознесеновка айылындагы жаза өтөө мекемесинде нааразылык билдиргендерге каршы көрүлгөн чараларга байланыштуу болгону айтылууда. Ал эми жаза өтөө мекемелер башкармалыгы алгач абактарда эч кандай ачкачылык уюштурулган жок деп, кийинчирээк ачкачылыкка чыккандар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген. (MSu)

XS
SM
MD
LG