Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

АКШда кыргыз жарандары эркин добуш беришкен


Бул туурасында Кыргызстандын АКШдагы жана Канададагы элчилиги маалымдады. 27-июлда Америкада жашаган кыргыз жараны Жалын Маматказиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда АКШда жана Канадада убактылуу жашаган миңдей кыргыз жараны шайлоого катыша албай калгандыгын, буга шайлоону уюштуруучулардын жана элчиликтин позициясы жолтоо болгондугун, шайлоодо элчиликтин гана кызматкерлери добуш бергенин билдирип, элчиликтин алдына пикетке чыга тургандыктарын маалымдаган болчу.
Кыргызстандын АКШдагы элчилиги өз кезегинде мындай маалыматты төгүндөп, четке кагууда. Элчиликтин билдиришинче, шайлоо күнү добуш берүү процесси эркин жана чектөөсүз өткөн. АКШда эки добуш берүү участкалары уюштурулуп, шайлоо процессине баштан аяк IFES эл аралык уюмунун байкоочулары көз салган. Ал күнү кошумча тизме менен 30 киши добуш берген. Элчилик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп жаткан кыргыз жарандарын пикетке чыкканча ошол шайлоо күнү келип, өз талапкерине добуш берсе болмоктугун эскерткен. (AzK)

XS
SM
MD
LG