Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Журналист С.Абдылдаев Кыргызстандан чыгып кетти


«Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевдин өлкөдөн чыгып кеткендигин аталган басылманын мурунку баш редактору Турат Акимов билдирди. Ушул жылдын март айында Абдылдаевдин денесине белгисиз адамдар 21 жолу бычак уруп кетишкен. Соңку кезде өзүнүн майыптыгы үчүн тил кат чогултуп жүргөн журналист артынан аңдуулар болуп жаткандыгын байкап калган. Мындан тышкары Сыргак Абдылдаевге телефон чалышып “сага жетиштүү болбой атабы?” сыңарында эскертүү беришип, үйүнүн дубалына “союшуң даярбы?”суроосун жазып кетишкен. Журналист Турат Акимовдун айтымында Сыргак Абдылдаев жубайы менен бир жума мурун Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда ал чет өлкөлөрдүн биринде өзүнө баш паанек сурап жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG