Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:43

Медведев менен Меркел Сочиде сүйлөшүү өткөрүшөт


Бүгүн Сочи шаарында орус президенти Дмитрий Медведев жана Германиянын канцлери Ангела Меркел эки өлкө ортосундагы экономикалык жана соода алакаларын талкуулаганы жатышат. Ушуну менен лидерлер быйыл 3-ирет жолугушмакчы. Германия Россиянын Европадагы эң ири соода шериги болгону менен, экономикалык кризистин айынан быйылкы жылдын 6 айында соода көлөмү эки эсеге төмөндөдү.
Кечээ немис радиосуна берген интервьюсунда канцлер Меркел Медведев менен жолугушууда Чеченстанда укук коргоочулардын өлтүрүлүшүнө байланыштуу сөз козгоорун айтты.

XS
SM
MD
LG