Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:08

“Бишкек Репортёр” гезити багытын өзгөртпөйт


Бул тууралуу “Азаттыкка” гезиттин жетекчиси Султан Каназаров маалым кылды. Анын айтымында учурда аталган гезиттин экинчи кызматкери Сыргак Абдылдаевдин өмүрүнө олуттуу коркунуч туулуп, башка өлкөгө баш паанекке качканына карабай гезит жайкы эс алуудан соң 4-сентябрдан баштап мурдагыдай эле саясий темадагы курч макалаларды жарыялай бермекчи.

«Репортер-Бишкек» гезитинин мурунку серепчиси Сыргак Абдылдаевке ушул жылдын март айында 21 жолу белгисиз адамдар бычак уруп кетишкен. Соңку кезде өзүнүн майыптыгы үчүн тил кат чогултуп жүргөн журналисттин артынан аңдуу түшүп, коркутуу телефон чалуулар болуп жана үйүнүн дубалына “союшуң даярбы?”суроосун жазып кетишкен. Журналист Сыргак Абдылдаев жубайы менен бир жума мурун Кыргызстандан чыгып кеткен, учурда ал чет өлкөлөрдүн биринде өзүнө баш паанек сурап жатат. Былтыр болсо аталган гезиттин дагы бир журналисти Хабира Мажиевага да коркутуулар болуп, учурда Европадагы бир мамлекетте баш паанекте жашап жатат. (SA)

XS
SM
MD
LG