Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Ооганстанда жардыруудан жети адам набыт болду


Дагы 91 киши жарадар болду. Жарылуу НАТОнун аскерий башчылыгына жакын жерде болгону кабарланууда. Мына ушул эле жерде Индиянын, Испаниянын, Италиянын жана Кошмо Штаттардын элчиликтери, ошондой эле президенттик резиденция да орун алган. Бомбаны талиптер жардырганын айтып чыгышты. Алардын өкүлү “Рейтер” агенттигине телефон чалып, “Биз АКШнын элчилигин жардырабыз дегенбиз, бирок ага жетпей калдык” деген. Бу жардыруу Ооганстанда президенттик шайлоого беш күн калганда болуп жатат.

XS
SM
MD
LG