Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Иранда камалгандарга кыйноолор болуп жатат


Июндагы шайлоодон кийинки демонстрацияларда камалгандарды түрдүү жолдор менен түрмөдө кыйнап жатышканын оппозициялык лидерлердин бири Мехди Карруби өзүнүн сайтында жазып чыкты. Анын билдирүүсүндө айрым учурлар кеңири сүрөттөлүп, камалгандарды ар кандай жолдор менен шылдыңдашканы, аялдарды зордукташканы, айрымдар буга чыдай албай, өлгөнү келтирилет. Карруби түрмөдөгү маскарапоздук жөнүндө буга чейин да айткан. Бирок парламенттик иликтөөнүн жыйынтыгына таянып, спикер Али Ларижани оппозиционердин айткандарын четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG