Бүгүн баш калаа Махачкалада Ички иштер министрлигин кайтарып турган милиционерди атып кетишкен эле. Андан эки сааттан кийин атышуулар башталган. Ошондо милициянын эки кызматкери набыт болду, бирөө жаракат алды. Махачкалада милицияга каршы чабуулдар үч күн мурда башталган. Жума күнү эки полисмен окко учуп өлдү, бирөө жаракат алган. Бейшембиде болсо экөө жарадар болгон. Азыр шаарда жикчи-снайпер жүрөт деп айтылууда.