Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

Коңурукту дарылоо ийгиликтүү ишке ашууда


Бул тууралуу Борбор Азиядагы алгачкы медициналык уйку борборунун жетекчиси Талант Сооронбаев “Азаттыкка” билдирди. Учурда аталган борбордон коңурук тартуу оорусуна чалдыккан алгачкы оорулуулар ийгиликтүү дарыланып чыга баштады.

Т.Сооронбаевдин айтымында, көпчүлүк эл коңурук тартуу өнөкөтү оору экендигин биле беришпейт. “Коңурукту кош тарткан адамдар демейде башкаларга караганда 30 жылга азыраак жашай турганы илимий түрдө далилденген. Коңурук тарткандардын 70 пайызы уйку учурунда капысынан көз жумушат. Коңурук тарткан маалда аба жетишпей, денеге кычкылтек жакшы барбай калат. Ошондон улам баш мээ менен жүрөккө күч келет. Натыйжада жүрөгү кармап калган учурлар көбөйөт”,- дейт дарыгер. (IJz)

XS
SM
MD
LG