Бирок Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин буга кошумча билдиргенине караганда, Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен аскерий машыгууларынан улам учурда бүткүл өлкө күжүрмөн даярдыкта келтирилген. Эки коңшунун чек арасындагы чектөөлөр жумшартылары жөнүндөгү маалымат Түштүк Кореянын Хундай компаниясынын башчысы Пхеньянда Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен жолуккан соң пайда болду. Хундайдын башчысы Пхеньянга ал жерде кармалган жумушчуларын бошотуу максатында барган.