Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

АКШнын чабарманы Пакистандын аракетин кубаттады


АКШнын Пакистан жана Ооганстан боюнча атайын өкүлү Ричард Холбрук расмий Исламабаддын Талибанга каршы аракетиндеги прогрессти кубаттады. Вашингтон Пакистан Ооганстан менен чектеш аймактарды таяныч бекетине айлантып алган согушкерлерге каршы катаал чаралар көрүлүшүн узактан бери күткөн. Ричард Холбрук Исламабадда Пакистандын тышкы иштер министри Шах Мехмуд Куреши менен сүйлөшүүлөр учурунда Талибанга каршы күрөштөгү прогресс АКШ менен Пакистандын алакасын энергия, экономикалык өнүгүү өңдүү маселелерге бургйдай жагдай жаратып жатканын белгиледи. АКШнын атайын өкүлү алдыдагы күндөрү Пакистандын соода борбору Карачиге барганы жатат. Анын айтымында, ал жерде конкреттүү долбоорлор жарыяланат.

XS
SM
MD
LG