Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Эксперттер Азияга суу кризисин эскертип жатышат


Сууну башкаруу боюнча эл аралык институттун башкы директору Колин Чартрестин билдиргенине караганда, 2050 –жылга карата азык –түлүк менен сууга карата талап эки эсеге өсөт. Ал Ассошейтед пресс агенттигинин кабарчысы менен маегинде жогорудагы көйгөй Азия мамлекеттерине жайыларын белгиледи. Андыктан окумуштуулар Азияны калктын саны өсүп жаткан шартта азык –түлүктүн тартыштыгын алдын алуу үчүн сууну башкаруу системасын реформалоого чакырышууда. Сууну башкаруу боюнча Эл аралык институт ушул күндөрү Стокгольмда башталган Суу жумалыгын утурлай Улуттар уюму менен бирдикте сууну башкаруу боюнча биргелешкен баяндамасын жарыялады. Ал эми Стокгольмдагы Суу жумалыгынын ачылышына дүйнө өлкөлөрүнөн 2500 миңден ашуун илимпоз, саясатчы жана расмий өкүлдөр катышты.

XS
SM
MD
LG