Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:35

Баткен менен Бишкекте кылмыштуулук күчөп жатат


Жыл башынан бери 100 миң адамга алганда кылмыштуулук өткөн жылга салыштырмалуу алты пайызга азайган. Жалпы республика боюнча баардыгы 17517 кылмыш катталган. Кылмыштардын азайышы Баткен областы менен Бишкек шаарынан башка бардык региондорго мүнөздүү көрүнүш болуп саналат. Баткен областы менен Бишкек шаарында кылмыштуулуктун көрсөткүчү тескерисинче өсүүдө. Бирок жалпысынан республика боюнча алганда адам сатуу, адамдын саламаттыгына оор зыян келтирүү, уурдоо, тоноо сыяктуу кылмыштардын саны кыскарган. ИИМдин жетекчилиги жети айдын жыйынтыгын караган коллегияда аталган кылмыштардын бетин ачууга, ошондой эле тынч албай жойлогонго кынык алган ууруулар менен тоноочуларды кармоого өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеген. (KC)

XS
SM
MD
LG