Кыргыз кино департаментинин жетекчиси Абибила Пазыловдун “Азаттыкка” билдиришинче, Кыргызстандын эгемен жылдарында тартылган мыкты тасмалардын декадасы бүгүн кечинде расмий башталат. Кино үйүндө өтчү иш-чара Чыңгыз Айтматовдун чыгармасына тартылган “Борондуу бекет” тасмасы менен ачылат. Анын алкагында Актан Арым Кубат, Эрнст Абдыжапаров, Темир Бирназаров, Генадий Базаров жана жаш режиссерлордун тасмалары көрсөтүлөт. Ар бир фильмдин башталышында искусство ишмерлеринин, режиссерлордун көрүүчүлөр менен талкуулары болуп турат. (EBM)