Бул тууралуу “Азаттыкка” Балдарды коргоо лигасынын жетекчиси Назгүл Турдубекова билдирди. Иш-чараны аталган коомдук фонд Балдарды коргоо депертаменти менен биргеликте уюштуруп жатат. Н. Турдубекованын айтымында, учурда балдарды мектепте киргизүү боюнча бир топ маселелер бар. 1-класска тесттен өтмөйүнчө албай койгон, же кирүү акысын төлөөнү талап кылган, окуучуларга мектеп формасын алууга зордогон учурлар бар. Укук коргоочулар балдарын билим алуу укугун жакшыртуу үчүн Кыргызстандын бир топ шаарларына мектептердеги мыйзам бузуулар тууралуу кабаралоону ата-энелерге эскерткен маалымдамаларды илип чыгышты. (EBM)