Орусиялык “Arctic Sea” аттуу соода кемесин басып алган куралдуу топ камакка алынды. Бул топтун курамына Эстония, Латвия жана Орусиянын жарандары киргенин Орусиянын коргоо министри Анатолий Сердюков билдирди. Кеме үч апта мурда жоголуп кеткен. 24-июлда Швециянын жээгинде 8 киши соода кемени басып алганы тергөөнүн жүрүшүндө аныкталды.