АКШнын Борбордук командачылыгынын башчысы, генерал Дэвид Петреус президент Ислам Каримов менен кечээ Ташкентте кездешти. АКШнын Өзбекстандагы элчилигинин билдиргенине караганда, жолугушууда Ооганстанга көңүл бурулуу менен аймактык коопсуздукка байланышкан маселелер талкууланган. Генерал Петреус Ташкенде Өзбекстандын коргонуу жана коопсуздук тармагн тейлеген расмий өкүлдөр менен да сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Өзбекстандын расмий УЗА жаңылыктар агенттиги кечээги жолугушуудан соң президент Каримовго шилтеме жасап, АКШ - Өзбекстан алакалары жакшырып бара жатканын кабарлады.