Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:20

Ооган бийлигинин маалыматты чектөө чакырыгы айыпталды


Ооган өкмөтү жергиликтүү жана Батыш маалымат каражаттарын бейшемби күнкү президенттик шайлоонун учурунда орун алуусу мүмкүн болгон кол салуулар менен кыянатчылыктар жөнүндө маалымат бербөөгө чакырган эле. Талиб согушкерлери шайлоону үзүгүлтүккө учуратууну убада кылышкан жана ооган бийлиги шайлоо күнү зордук-зомбулуктар тууралуу маалыматтар элдин добуш берүүгө катышуусуна терс таасирин тийгизет деп кооптонууда.

“Хьюман Райтс Уочт” уюму жана Ооганстандын Көз карандысыз журналисттер ассоциациясы өкмөттүн шайлоо күнү маалымат берүүнү чектөө аракетин айыпташты. Маселен “Хьюман Райтс Уочтун” Ооганстан боюнча изилдөөчүсү Рейчел Рейд ооган өкмөтүнүн кыянатчылыктар тууралуу маалыматтарды цензуралоо аракетин басма сөз эркиндигине “жүйөөсүз” эле шек келтиргендик катары баалады.

Бул аралыкта кечээ Ооганстанда орун алган бир нече кол салуудан ондон ашуун киши мерт болду. Анын ичинде башкалаа Кабулда жанкечти жасаган жардыруудан НАТОнун бир аскери жана Улуттар уюму үчүн иштеген эки ооган каза тапты.

Ал эми шайлоодон бир күн алды - бүгүн Ооганстан Британ империясынан боштондукка чыкканынын 90 жылдыгын белгилөөдө.

XS
SM
MD
LG