Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Анын айтымында, Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери жана шаардын прокуратурасы “Кылым шамы” уюму 17-августта УКМКнын имараты алдында өткөргөн акцияны эч себепсиз токтотуп, акцияга чыгышкан адамдардын баш мыйзамда жазылган укуктарын бузушкан. Укук коргоочунун айтымында, буга байланыштуу “Кылым шамы” уюму Бишкек шаардык Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү менен прокуратурасын сотко берди. “Бул боюнча биз Конституциялык сотко чейин кайрылабыз”,- дейт А.Абдрасулова. (IJz)