Социал-демократтар партиясынын төрагасы Алмазбек Атамбаев “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, Социал-демократтар партиясы дагы бир ири оппозициялык партия болгон “Ата-Мекен” менен биригүүгө даяр экенин, учурда “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев партиялаштары менен биригүү жол-жоболорун такташып жатканын билдирди.
“Биз биригели деп сунуш кылдык. Эмки сөз “Ата-Мекен” партиясында калды. Алар деле макул болуп турат. Мен бириге турган болсок лидерликти деле талашпайм”,- дейт А.Атамбаев.
Ошондой эле анын айтымында, күз айларында оппозиция ишмердүүлүгүн жандантат. Андыктан, оппозиция алсырап, эч нерсе кыла албай калды дегендер терең жаңылышат. “Бийлик шайлоону жайга коюп алып каалаганын жасады. Жай айлары саясий жактан өлүк сезон болот. Ошондон пайдаланышты”,- дейт саясатчы. (IJz)