Тирүү болгондо эстрада жылдызы 29-августта 51 ге чыкмак. Сөөк жашырууга жакын туугандары, жээк-жааты гана катышаары кабарланды. «Триллер» деген диски миллиондоп сатылган, эстрада падышасы атыккан Жэксон 25-июнда жүрөгү кармап көз жумган. Бийликтер ал догдур берген дарыдан мертинген жокпу деген шектенүү менен тергөө жүргүзүүдө.