Полиция офицери Абдул Кафаар Саедзада кабарчыларга банк куралчандардан бошотулгандыгын бышыктады. Бул Кабулдагы акыркы беш күндөгү үчүнчү ири кол салуу болуп калды. Кечээ жан кечтинин чабуулунда машина жарылып, сегиз киши, анын ичинде Бириккен улуттардын эки, НАТОнун бир өкүлү набыт болгон.