Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Шотланд өкмөтү Локерби боюнча чечимин жарыялайт


1988-жылдын 18-декабрында АКШнын жүргүнчү учагы Шотландиянын Локериби шаарынын үстүнөн жарылган. Анда учактагы 259 адам жана жерден 11 киши каза тапкан эле. Бул жардырууга тиешеси бардыгы үчүн Ливиянын Абдель Бассет аль- Меграхи ысымдуу жараны 27 жылга түрмөгө кесилген. Бирок 2007-жылы иштин кайра каралуусу анын бул кылмышка жоопкер экендиги боюнча күмөн саноолорду жараткан. Шотландиянын өкмөтү мына ушул жарандын болочок тагдыры боюнча чечимин бүгүн жарыялары күтүлүүдө.

Британиянын маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, рак дартына чалдыккан, катуу орулуу аль-Меграхи гуманитардык жүйөөдөн улам бошотулганы турат.

XS
SM
MD
LG