Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

Ооганстанда президенттик шайлоо өтүп жатат


Шайлоо бекеттери Бишкек убактысы боюнча саат 8:30тан тарта ачылды жана добуш берүү 16:30ка чейин уланат.

Өлкөдө экинчи ирээт өтүп жаткан президенттик шайлоонун коопсуздугун, талибдердин шайлоону үзгүлтүккө учуратууну максат кылган аракеттери күчөгөн шартта, он миңдеген жергиликтүү жана чет элдик аскерлер камсыз кылмакчы.

Шайлоодо президенттик кызмат үчүн азыркы мамлекет башчы Хамид Карзайдан тышкары дагы 30тай талапкер ат салышууда. Эгер талапкерлердин бири да 50 дан ашуун добуш топтой албаса, шайлоонун экинчи айлампасы өткөрүлүүсү керек. Мындай шартта экинчи айлампа октябрь айынын башында өтүүсү мүмкүн.

Оогандар бүгүн ошондой эле жергиликтүү кеңештер үчүн да добуш берет. Расмий маалыматка караганда, өлкөдө катталган шайлоочулардын саны 17 миллиондун тегерегинде.

Талибдердин кол салууларынан шайлоочулардын коркуп, элдин добуш берүүгө катышуу ыргагы басаңдап кетпөөсүн алдын алуу үчүн ооган өкмөтү жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарына бул күнү орун алуусу мүмкүн болгон кыянатчылыктар тууралуу кабар бербөөнү, мындай тартипти бузган чет элдик журналисттер өлкөдөн чыгарыларын, жергиликтүү маалымат каражаты жабыларын эскертти. Ооган бийликтеринин мындай чарасын АКШ, Улуттар уюму, чет элдик жана жергиликтүү журналисттик уюмдар айыпташты. Алардын пикиринде, оогандар коопсуздуктун шайлоо күнкү абалы жөнүндө билүүгө укуктуу.

XS
SM
MD
LG