Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:22

Баткенде маң заттарын ташуучулар кармалды


Маң заттарын көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери Баткен облусунда эки операция уюштуруп, маң заттарын Кыргызстан аркылуу ташыган эки адамды кармашты. Агенттиктин маалымат кызматы билдиргендей, Кадамжай районунун Үч-Коргон айылында 18-август күнү Орусиянын жараны 1980-жылы туулган Шарифжон Мелибаев кармалган. Үйрөтүлгөн иттердин жардамы менен ал жашаган үйдөн 1 киллограммга жакын Ооганстанда даярдалган героин табылган. Ал Баткен шаарында 19-августта Тажикстандын жараны 38 жаштагы Журабай Жураев колго түшкөн. Анын жанынан 2 киллограммдай героин чыккан. Маалыматтарга караганда, алынган маң заттарын Орусияга алып өтүү пландалган. Ошондой эле маалыматта, кармалган героиндер өлкөнүн маң заттары рыногунда 1 миллион сомдон ашык бааланары айтылат. (IJz)

XS
SM
MD
LG