Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Жалал-Абаттагы оппозиция жаңыланууну кубаттайт


Облустагы «Ата мекен» жана социал- демократиялык партиялардын өкүлдөрү оппозициянын бир партияга биригүү демилгесин колдоорун билдиришти. БЭКтин Кочкор-Ата шаарындагы мүчөлөрү оппозицияны тазартуу, катарына жаштарды тартуу, бийликке умтулгандардан арылуу жагын белгилешти. «Ата Мекен» партиясынын облустагы тең төрагасынын орунбасары Советали Сеитбеков СДП шайлоодо өзүн актабагандыктан «Ата Мекен» партиясынын аны менен биригүү сунушун четке какты. «Ак жол» партиясынын өкүлү оппозициянын душман болбой, эриш- аркак иштеп, өлкө турмушун оңдоодо жоопкерчиликти бийлик менен кошо тартуусун каалады. (YA)

XS
SM
MD
LG