Талас райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аталган районго караштуу Үч-Эмчек айылынан 4525 түп индия кара куурайы эгилген плантация табышты. Райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында жогорудагы айдоо аянты Үч-Эмчек айылынын тургуну 24 жаштагы Азамат аттуу жигитке тиешелүү. Бирок ал азыр Кыргызстандан сыртка чыгып кеткен деген маалыматтар бар. 2007-2008 жылдары ушундай эле баңгизат айдалган плантациялар Кара-буура районуна караштуу Көк-Сай айылынан табылган. Ошол жылдары Кара-Буура райондук ички иштер бөлүмүнүн бир кызматкери баңгизат менен кармалып, өз жанын кыйып кайтыш болгон. (UA)