Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:19

Ала-Букада мурдагы айыл өкмөт башчысына кылмыш иш козголду


Облустук бийликтин маалыматы боюнча Ак-Коргон айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы 2004- жылы Өзбекстандын жаранына райондун « Баястан» айлынан курулуш үчүн жер тилкесин мыйзамсыз түрдө берген. Мамлекеттик каттоо уюму жерди пайдалануу укугу тууралу иш- кагаз жазган. Бул иш прокуратуралык текшерүүдө аныкталган. Коомчулуктун пикири боюнча облустун алты районундагы коңшу өлкө менен чектешкен айыл өкмөттөрдүн баарын текшерүү абзел. Анткени чектеш айылдарда жер аянттары өзбек жарандары тарабынан ижарага иштетилгени тууралу сөздөр айтылууда. (YA)

XS
SM
MD
LG