Бүгүн Пакистандын түндүк-батышында, ооган чек арасынын жанында ракета соккусунун натыйжасында бери дегенде 11 киши набыт болду. Пакистандын Чалгын кызматынын маалыматы боюнча, Түндүк Вазиристан вилайетинде талип лидерлеринин бири жашырынып жүргөн делген кыштакка учкучсуз учактан ракета атылган. Август айынын башында ушундай эле ракетанын соккусунан Пакистандагы “Талибан” кыймылынын лидери Байтулла Мехсуд өлтүрүлгөнү кабардалган.