Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Бүгүн жан-жаныбарларга аңчылык башталат


Кыргызстандын жарандары үчүн 22-августтан баштап жапайы канаттууларга мергенчилик кылууга расмий уруксат берилди. Бул тууралуу Мергенчиликти көзөмөлдөө жана мергенчилик ресурстарын пайдаланууну тескөө башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Алмаз Мусаев “Азаттыктын” кабарчысына билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында чет өлкөлүк мергенчилердин аңчылык кылуусуна 15-июлда уруксат берилген. Аркар, кулжаларга аңчылык кылуу 15-августан тартып башталган. Кыргызстандык мергенчилер үчүн бөдөнө, көгүчкөнгө аңчылык кылуу 22-августтан баштап уруксат берилип, жапайы доңуз, тоо теке, уларга аңчылык кылуу 12-сентябрдан баштап 6-декабрга чейин жүргүзүлөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG