Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:35

Күйүүчү майлардын баасы жогорулоодо


Орусиядагы мунай заводдору июль айынын соңунан кийин күйүүчү майларга бааны январь айына салыштырмалуу А-80 үлгүсүндөгү бензинди 3,5 пайыз, А-92 үлгүсүндөгү бензинди 3,2 пайыз, дизелдик майды 1,3 пайыз кымбаттаткандыгына байланыштуу Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы жогорулады. Бул тууралуу “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти, мурдагы вице-премьер-министр Базарбай Мамбетов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, учурда дүйнөдөгү чийки мунай заттарына баанын туруксуздугунун жоктугунан улам күйүүчү майга баалар бир калыпта болбойт. “Август айынын соңуна чейин күйүүчү май дагы 50 тыйынга кымбаттап, сентябрь айында баа турукташып бир калыпка келет. Бул айыл чарба продуктуларынын кымбатташына таасирин тийгизиши мүмкүн”,-дейт Б.Мамбетов. (AJ)

XS
SM
MD
LG