АКШ президенти Барак Обама 21-августта дүйнө мусулмандарына кайрылып, аларды ыйык Рамазан айынын башталышы менен куттуктады. Өз сөзүндө Барак Обама АКШ менен мусулман дүйнөсү ортосундагы мамилелердин жакшырышына үмүт артты. Обама АКШнын Ирак жана Ооганстандагы аскердик аракеттери – дүйнөнү коопсуз кылууга багытталганын белгиледи.