Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:54

Ливия Британия менен мамиле жакшырарына үмүт артты

Ливиянын лидери Муамар Каддафи 1988-жылы америкалык учактын жарылуусуна тийешеси бар делген Абделбасет Али ал-Меграхинин абактан бошотулушу менен Ливия менен Британиянын мамилеси жакшырарына үмүт артты. Ливиянын Чалгын кызматынын мурдагы кызматкери Абделбасет Али ал-Меграхи Шотландиянын Локерби жергесиндеги 1988-жылдагы жүргүнчү учактын жарылуусуна тийешеси бар деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылып, Шотландияда түрмөдө отурган. 20-августта ал рак оорусунун өтүшүп кеткенине байланыштуу эркиндикке чыгып, мекенине кайтып келген. Расмий Лондон Шотландиянын бийлиги мындай чечимди көз карандысыз кабыл алганын ырастоодо. 1988-жылы Локерби шаарчасында америкалык учактагы жарылуудан 270 киши набыт болгон.
XS
SM
MD
LG