Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:40

Тоталитардык режимдин курмандыктарын эскерүү күнү


2009-жылдын апрель айында ЕККУнун Парламенттик Ассамблнясы резолюция кабыл алып, Европада тоталитардык доордун мурастарынын тийгизген таасирлерин басып өтүү мезгилин эскерүү катары 23-августту тоталитардык жана авторитардык режимдин курмандыктарын Жалпы Европалык эскерүү күнү катары белгилөөнү жарыялаган. 2000-жылы Кыргызстанда 36-38-жылдарда коммунисттик доордун репрессиясынын 10 миңдеген курмандыктарын эскерүү катарында Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын тоо тарабында “Ата-Бейит” мемориалдык комплекси курулган. Ал жерде эл душманы катары атылып кеткен кыргыз интелигенциясынын 130дан ашуун мыкты уулдарынын сөөгү коюлуп, алардын жеке буюмдары, архивдик материалдары музейге коюлган. "Бүгүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине тоталитардык жана авторитардык режимдин курмандыктарын эскерүүгө эч ким келип гүл чамбар коюшкан жок",-дейт аталган комплекстин директору Гүлнара Турсунбекова. (AJ)

XS
SM
MD
LG