Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:29

Р.Холбрук: “Шайлоодо айыптоолор күтүлгөн болчу”


20-августта Ооганстанда өткөн президенттик шайлоо бурмалоолор менен өтөт деген айыптоолор күтүлгөн болчу. Бул тууралуу АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Ричард Холбрук билдирди. Кабулда сүйлөгөн сөзүндө Холбрук жада калса АКШ өңдүү демократиялык өлкөлөрдө да шайлоо талашсыз өтпөй койбойт деп билдирди. Маалым болгондой, шайлоодо учурдагы президент Хамид Карзайдын негизги атаандашы Абдулла Абдулла добуш берүү мыйзам бузуулар менен өткөнүн билдирген. Шайлоонун алдын-ала расмий жыйынтыктары 25-августта жарыяланат. Евробиримдиктин байкоочулары Ооганстанда шайлоо жалпысынан таза өткөнүн билдиришти.

XS
SM
MD
LG