Иммиграция саясаты боюнча жаңы сунуштар октябрь айына карата иштелип чыгарын Италиядагы конференция учурунда биримдиктин азыркы төрагасы –Швециянын тышкы иштер министри Карл Билдт билдирди. Анын алдында Италиянын тышкы иштер министри Франко Фраттини иммиграцияны “европалык көйгөй” деп атаган эле. Ушул бейшемби күнү Италия бийликтери эритериялык беш мигрант түшүп келе жаткан кайыкты табышты. Алар жолдо чогуу келе жаткандардын 73ү мерт болгонун билдиришкен. Италия тышкы иштер министри Фраттининин айтымында, бул адамдардын тагдыры үчүн Европанын 27 өлкөсүнүн баары жоопкерчилик алуусу керек.